БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар 2022-жылдан тарта Украинанын мамлекеттик бюджетин каржылоого 168 миллиард доллар бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Евробиримдик Украинага 56,9 миллиард доллар бөлүп, каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн сап башына чыккан. Экинчи орунду 30,2 миллиард доллар менен АКШ ээлеген. Ал эми үчүнчү орунда 13,3 миллиард доллар менен Эл аралык валюта фонду турат.
Ошондой эле колдоочулардын алдыңкы бештигине Япония да кирди. Ал 9 миллиард долларлык каржылык жардам көрсөткөн. Дүйнөлүк банк болсо Украинанын бюджетине 6 миллиард доллар которгон.
Мындан тышкары, ири донорлордун катарында Канада (5,4 миллиард доллар), Улуу Британия (3 миллиард доллар) жана Германия да (1,7 миллиард доллар) бар.
"Акырында өткөн жылы Украинанын бюджети үчүн маанилүү каржылоо булагы болуп Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен берилген "Чоң жетиликтин" насыясы саналат. Маалым болгондой, бул схема аркылуу Украинага 38,9 миллиард доллар бөлүнгөн", — деп жазылат маалыматта.