БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Евробиримдик ага мүчө болбогондордон Россияга коюлган европалык санкциялардын сакталышын талап кылууга акылуу эмес. Муну аталган биримдиктин санкциялар боюнча адиси Дэвид О" Салливан Guardian басылмасына берген маегинде айтты.
"Дүйнөнүн кайсы мамлекети болбосун ЕБге кирбеген өлкөнүн бири дагы биздин санкцияларды сактоого милдеттүү эмес", — деген ал.
Атайын өкүл Европа биримдиги койгон чектөөлөрдү сактабаган мамлекеттерди дароо эле күнөөлөп жибергенге шашылбагандыгын айткан.
Анткен менен Дэвид О" Салливан Euractiv порталына берген интервьюсунда ЕБ Кытай менен Индияга болушунча басым-кысым көрсөтүшү керек деген. Буга аталган өлкөлөрдүн россиялык энергетикалык ресурстарды сатып алып жатканы себеп деген кинесин койгон.
Россия Батыштын санкциялары аларды чөгөлөтө албастыгын бир нече ирет айткан. Москва РФке карата чектөөлөр ойдогудай болбой калганын Батыш мойнуна алгысы келбегенин баса белгилеп келет. Анткен менен мындай пикир алардын өздөрүндө да айтыла калып жүрөт.