БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкектин четиндеги айланма жолдун жээгинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал 20 жаштагы С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болгон.
"Милиция кылмышка шектүү делген 22 жаштагы Н.А. аттуу жарандын үйүнө барганда, ал жанын кыюуга аракет кылып, бычак менен бир нече жолу өзүнө жаракат келтирген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Тез жардам кызматы чакырылды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү медициналык мекемеде конвойдун коштоосунда кармалууда.