Көчөдөгы үйсүз иттер — коомдогу кайдыгерликтин көркү. Кыргыз документалдык тасмасы «Псы» бир адамдын эрдиги аркылуу бул көйгөйдү канчалык чечсе болот деген суроону койду. Фильмде шаар четиндеги үйсүз иттерге жашоосун арнаган Татьяна Кудлайдын күнү-түнү күрөшү көрсөтүлөт. Анын үйүндө беш жыл ичинде 200дөн ашык жаракат алган, ачка калган жана ташталган иттер топтолгон. Буга чейин тасма бир катар фестивалдарга катышып, ийгилик жараткан. Бирин атап өтсөк, «Ак илбирс-2025» киносыйлыгында Эң мыкты даректүү тасма категориясын жеңип алган. Фильм «Айтыш фильм» киностудиясында тартылган жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.
«Стоп кадр» программасында режиссер Алиман Токтогулова тасманын максаты — көрүүчүнү ойлондурган, коомдогу көйгөйлөрдү жана адамдык баалуулуктарды баалоого чакыруу экенин белгиледи.