Москвадагыдай... Депутаттар Бишкектеги батирлердин баасына нааразы болдуРФ, Украина жана АКШ туткун алмашууну макулдашты. Бишкекте Борбор Азия - АКШ бизнес форуму өз ишин жыйынтыктадыБишкек шаарында эки күнгө созулган “B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады. Маалым болгондой, бул форумга 211 компаниялардын жана уюмдардын 400гө жакын өкүлдөрү катышты. Алардын арасында жаңы чечимдерди, рынокторду жана кызматташуунун жаңы форматтарын калыптандырган алдыңкы жана ири компаниялар болгон. Эскерте кетсек, 2025-жылдын ноябрындагы C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) министрлер кабинети менен биргеликте Бишкекте экинчи "B5+1" бизнес форумун өткөрдү. Биринчи жолу бул форум 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.
Бишкектеги батирлердин баасы Стамбул менен Мадриддегиден өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев парламентте билдирди. Ал карапайым калкка кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды көзгө көрүнбөгөн кол башкарарын, дүйнөлүк тенденция дагы таасир этерин түшүнүү кыйын экенин белгиледи. "Буга объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бирок чындыгында жашоо кыйын болуп калды", — деди Алиев. Эл өкүлү белгилегендей, мурда Россияга иштегени барып, жарым жылда батирге жетүү мүмкүн болчу. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да Бишкектеги батирлердин ижара акысы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өтө жогору экенин билдирди.
Москвадагы "Крокус Экспо" эл аралык көргөзмө борборунда НАИС — 2026 жарандык авиация көргөзмөсү өтүүдө. Төмөндөгү сүрөт түрмөктө авиациянын жана учкучсуз учуучу техниканын жогорку технологиялык үлгүлөрү сунушталды. Форумда Россия, Беларусь жана Кытайдан келген 200дөн ашык компания өз продукциясын көрсөттү. 13-Улуттук авиациялык инфраструктуралык салондун алкагында ДРОНТЕХ учкучсуз авиациялык комплекстеринин атайын көргөзмөсү да уюштурулду. Иш-чарага аэропорттордун, авиакомпаниялардын, долбоордук уюмдардын жана авиация тармагын башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган 10 миңден ашуун адис катышары күтүлүүдө.
Россия, Украина жана АКШнын Абу-Дабидеги сүйлөшүүсү жемиштүү болду, эки өлкө туткундарды алмашмай болду. Бул тууралуу Америка президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф билдирип, жолугушууга баасын бергенин РИА Новости жазды. "Бүгүн АКШ, Россия жана Украина делегациялары 314 туткунду алмашууга макулдашышты. Бул беш айдан бери биринчи жолу жасалып жатат. Мындай жыйынтыкка кенен-кесир, жемиштүү өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетиштик", — деп жазган Уиткофф. АКШ президентинин өкүлү алдыда дагы көп жумуш бар экенин белгилеп, деген менен азыркы жолугушуу дипломатиялык аракет үзүрүн бере турганын далилдеди деген пикирде. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 33 тыйынга юань 12 сом 61 тыйынга рубль 1 сом 14 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ6-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 6-февраль, жума күнү күндүз тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Батккн, Ысык-Көл облустарында +3...+8 градус жылуу, Нарын өрөнүндө -1...-6 градус суук болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +5...+7 градуска чейин көтөрүлүп күндүз карга айланган жамгыр жааса, Ош шаарында күндүз жаан жаап +4...+6 градус жылуу болот.