Asman Airlines эл аралык каттамдар үчүн Airbus A321 учактарын алатБатыш Киевде төңкөрүш болот деген коңгуроо кагуудаКамбар-Ата-1 ГЭСинде изилдөө жүргүзүүгө сынак жарыяландыҮй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөргө тагылган электрондук билериктин ээлери чектелген аймактан чыкпайт, белгиленген аймактарга жакындай албайт. Бул туурасында Юстиция министрлигинин токтомунун долбоорунда айтылган. Документте эгерде ал кишинин куралы болсо убактылуу алып коюлары да белгиленген. Эске салсак, бул ыкма үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөргө зомбулукту кайталап жасашын алдын алуу үчүн киргизилген коргоо ордери тиешелүү натыйжа бербегендиктен улам сунушталган. Билерик тагынган адам мобилдик тиркеме аркылуу күнү-түнү көзөмөлдө болот. Белгиленген тартипти бузса, билерикти чечип салганга же өчүргөнгө аракет кылса система аны дароо байкайт. Бул үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган.
"Кыргызстан аэропорттору" мамлекет быйыл сатып ала турган Airbus A321 учагынын жаңы фирмалык дизайнын жарыялады. Жаңыланган жасалгада улуттук өзгөчөлүк жана компаниянын эл аралык багыттарды өнүктүрүү стратегиясы чагылдырылат. Дизайнда асман, алдыга умтулуу жана Кыргызстандын дүйнө менен байланыштарын символдоштуруучу элементтер колдонулган."Кыргызстан аэропорттору" башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Airbus A321 учактарын жаңы дизайн менен ишке киргизүү өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү этап болорун белгиледи. "Биз сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуудабыз. Airbus A321 — бул узак аралыкка каттоо, ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк. Ал эми учактарыбыздын жаңы көрүнүшү — өлкөнүн эл аралык аба майдандагы жүзү. Биз Asman Airlines асмандан дароо таанылса дейбиз", — деди Самидинов. Учактарды сатып алуу жана эл аралык каттамдарды ачуу жүргүнчүлөр, туризм жана бизнес-байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Камбар-Ата-1 ГЭСинде инженердик-геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тендер эки пакеттүү ыкма менен чектөөсүз ыкмада жүргүзүлөт. Сынак жөнүндө маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт 23-февралда аяктайт. Министрлик бардык кызыкдар тараптар объектти жеринен көрүүгө чакырууда. Жыйын 12-февралда Камбар-Ата-1 ГЭСинде өтөт. Сынакка мыйзамдарга жана белгиленген талаптарына жооп берген бардык кызыкдар жана квалификациялуу уюмдар катышса болот.
Украинанын Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный Киевдеги бийликти басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жатат. Бул туурасында германиялык саясат таануучу Патрик Бааб YouTube-каналда Дэниел Дэвис менен маектешип жатканда айткан. "Ал (Владимир Зеленский — ред.) мунасага келиши керек, болбосо кызматын жоготот. Лондондогу украин элчиси Залужный Киевдеги бийликти басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп отурат", — деген эксперт. Германиялык саясат таануучунун пикиринде, кандай гана тынчтык макулдашуусу болбосун Киев бийлиги үчүн жакшы эмес, азыр түзүлүп калган кырдаал башка деле нерсеге алып барбайт. "Украиналыктар Вашингтон менен Брюсселдин оозун карап турат. Алар чечимди өз алдынча кабыл алышпайт", — деп Бааб сөзүн жыйынтыктаган.