Атмосфералык абанын сапаты жакшырдыбы — минкабдын жаңы токтому чыкты

Sputnik
Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу багытында Министрлер Кабинетинин жаңы токтому кабыл алынып, Бишкек шаарындагы ыш маселесин чечүү боюнча чаралар күчөтүлүүдө. Бул чечимдер чындап эле абанын сапатына оң таасир бердиби же жыйынтыкты айтуу али эртеби — ушул суроолордун алкагында биз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Өскөнбаев жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын башчысы Анарбек уулу Медетбек менен маек курдук.