Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Өкмөт кафе-ресторандардын тейлөө акысын тамак-аштын баасына кошууга акысы жок экенин айттыБатыш төрт жылда Украинага канча акча бөлгөнү белгилүү болдуДубайдагы өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинде Ысык-Көлдүн маселеси көтөрүлдүАлдыда кененирээкКлиматтын өзгөрүшү Ысык-Көлгө терс таасирин тийгизип жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дубайда өткөн Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинде билдирди. Анын айтымында, XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге тартылып, жалпы көлөмү болжол менен 85 миллиард метр кубга азайган. Ошондой эле көлгө куя турган дарыялардын саны да кыйла кыскарган. Бул көрүнүш мөңгүлөрдүн эриши, сууну керектөөнүн көбөйүшү жана башка себептерге байланыштуу экени айтылды. "Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли мындан ары да төмөндөй берсе, бул экологиялык жана социалдык-экономикалык ири кесепеттерге, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүккө, туристтик потенциалга жана аймак калкынын жашоо-турмушуна коркунуч жаратышы мүмкүн", — деди Төрөбаев. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстарын туруктуу башкаруу жаатында эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектилерин сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого дүйнөлүк коомчулукту чакырды.
Минкабдын төрага орун басары Данияр Амангелдиев кафе-ресторандардын тейлөө акысын тамак-аштын баасына кошууга укугу жок экенин айтты. Ал сый акы ыктыярдуу берилиши керектигин, аны эсепке кошуу мыйзамсыз экенин белгиледи. "15 пайыздык сый акыга керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн тыюу салынган. Тийиштүү калькуляция бар. Демек, аны жалпы эсепке кошуу мыйзамсыз, бул керектөөчүнүн укугун бузуу болуп саналат. Аталган тармакта баанын жогорулашы байкалып келген, азыр баарын жөнгө салдык", — деди Амангелдиев парламентте. Ал коомдук тамактануучу жайлардагы баанын жогорулашы боюнча жагдай Монополияга каршы кызматтын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар 2022-жылдан тарта Украинанын мамлекеттик бюджетин каржылоого 168 миллиард доллар бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Евробиримдик Украинага 56,9 миллиард доллар бөлүп, каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн сап башына чыккан. Экинчи орунду 30,2 миллиард доллар менен АКШ ээлеген. Ал эми үчүнчү орунда 13,3 миллиард доллар менен Эл аралык валюта фонду турат. Ошондой эле колдоочулардын алдыңкы бештигине Япония да кирди. Ал 9 миллиард долларлык каржылык жардам көрсөткөн. Дүйнөлүк банк болсо Украинанын бюджетине 6 миллиард доллар которгон. Мындан тышкары, ири донорлордун катарында Канада (5,4 миллиард доллар), Улуу Британия (3 миллиард доллар) жана Германия да (1,7 миллиард доллар) бар. "Акырында өткөн жылы Украинанын бюджети үчүн маанилүү каржылоо булагы болуп Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен берилген "Чоң жетиликтин" насыясы саналат. Маалым болгондой, бул схема аркылуу Украинага 38,9 миллиард доллар бөлүнгөн", — деп жазылат маалыматта.