«Заманбап мугалим» программасы: аймактардагы 12 мектепте 46 мугалим иш алып барууда

Sputnik
Өлкөдө «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим» программасына кабыл алуу жүрүүдө. Бул программага жогорку билими бар, балдар менен иштөөгө кызыккан жана эки жыл айыл же чакан шаарлардагы мектептерде иштөөгө даяр талапкерлер катыша алат. Педагогикалык тажрыйбанын болушу милдеттүү эмес, анткени ар кандай кесиптин өкүлдөрү үчүн мүмкүнчүлүк бар. Катышуучулар мектепте иштөө менен бирге заманбап мугалимдик жана лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Программа кесиптик өнүгүүгө жана коомго пайдалуу болууга умтулган жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Катышууну каалагандар өтүнмөлөрүн 2026-жылдын 25-майына чейин тапшырышы керектигин жаратман мугалимдердин куратору Эсенбек кызы Тахмина маалымдады. Ал ошондой эле программанын алкагында жалпы 46 мугалим Чүй облусундагы 12 мектепте иштеп жатканын кошумчалады.