Жалал-Абадда ооруканаларда көчмө китепканалар уюштурулдуЕвропанын Россияга салган санкцияларын европалыктар өздөрү шакабага алуудаМинкаб башчысы кыргызстандыктар БАЭде ачкан заводго бардыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, КР жарандары БАЭде ачкан Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат.Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи. "БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши — биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү", — деди Касымалиев. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Ишкана суу куюу үчүн заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган.
Транспорттук-логистикалык процесстерди санариптештирүү Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүүнүн негизги факторуна айланууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Экспорттук борборунун директору Урмат Такиров B5+1 форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, аймактагы өлкөлөр электрондук документтерди жана чек аралардагы тобокелдиктерди башкаруу тутумдарын киргизүүгө өтүшүүдө, бул жүк ташууларды тездетүүгө, өткөрүү пункттарынан өтүү убактысын кыскартууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.Урмат Такировдун айтымында, ар кыл мекемелерде жана региондогу өлкөлөрдө санариптештирүүгө даярдык деңгээли ар башка, ошондуктан реформалар параллелдүү түрдө ишке кирүүдө. Ал жакынкы 2-3 жылда санариптик гармониялаштыруунун негизги элементтери иштеп баштарын белгиледи.
Жалал-Абад облусунун аймагындагы медициналык мекемелерде бейтаптарды руханий жактан колдоого багытталган жаңы долбоор ишке ашырылууда. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун алкагында облустук, шаардык жана райондук ооруканаларда көчмө китепканалар, "Китеп куржун" иш-чаралары жана атайын китеп текчелери уюштурулду. Көчмө китепканаларга көркөм адабият, тарыхый, илимий, ошондой эле балдарга арналган китептер коюлган. Китептер бейтаптарга палатага чейин жеткирилип, каалоочуларга убактылуу пайдаланууга берилүүдө. Белгиленгендей, бул долбоор президенттин өкүлү Тилек Текебаевдин демилгеси менен ишке ашырылды.
Евробиримдиктин Россияга санкция аркылуу таасир этебиз деген аракети — акылга сыйбай турган нерсе, бул Украина чатагын жөнгө салууга кедергисин гана тийгизет. Мындай пикирин колумнист Томас Моллер-Нильсен жакында эле Euractiv порталындагы макаласында айткан. "ЕБдин планында (эгер муну чындап эле план деп атоого мүмкүн болсо) Киевдин аскердик аракеттеринин негизги бөлүгүн мындан ары да каржылоону улантуу деген нерсе турат. Мурдагы 19 ирет киргизилген чектөөлөр жасай албаганды кандайдыр бир керемет болуп кетип, санкциялардын кийинки пакети ишке ашырып жиберет деп үмүт артып жатышат… Бул схема ушунчалык акылга сыйбаган кадам болгондуктан саясий сатирадай эле сезилет", — деген Моллер-Нильсен. Украинада атайын операция башталгандан тарта Батыш өлкөлөрү Россияга санкцияларды сала баштаган. Москва РФ мындай чектөөлөргө көнүп деле калгандыгын билдирген.