Айыл чарбасында санариптештирүү саясаты кандай жүрүүдө — онлайн кызматтар, Агро-портал, IT-инфратүзүм

Sputnik
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги акыркы жылдары тармакты санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын катарында Бирдиктүү суу маалымат системасын түзүү, айыл чарба секторун толук санариптештирүүгө багытталган фермерлердин бирдиктүү реестрин киргизүү, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарды онлайн форматка өткөрүү, ошондой эле агрардык тармак үчүн маалыматтарды топтоо жана талдоо мүмкүнчүлүгүн берген IT-инфраструктураны өнүктүрүү бар.
Бул санариптик чечимдер суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга, дыйкандар үчүн мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылууга жана айыл чарбанын ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Долбоорлор тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Асел Кененбаева айтып берди.