БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 6-февраль, жума күнү, күндүз тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл облустарында +3...+8 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -1...-6 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +5...+7 градуска чейин көтөрүлүп, күндүз карга айланган жамгыр жааса, Ош шаарында күндүз жаан жаап +4...+6 градус жылуу болот.