ЖМК: Украина боюнча жаңы пландын Киевге пайдасы жок

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Украинадагы болочок тынчтык келишими бузулуп кала турган болсо АКШ менен Европа даярдаган жаңы план Киевге жардам бербейт. Бул тууралуу финляндиялык эксперттер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сурамжылоого катышкан эксперттердин көпчүлүгү АКШ менен Батыштын планы так эмес экенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Швециянын Коргонуу университетинин доценти Илмари Кяйхонун пикиринде, "каалоочулар коалициясы" деп аталган топтун аракеттери иш жүзүндө Россияга зыян келтире албайт.
"Атышууну токтотуу режими бузулган учурда Батыштагы "каалоочулар коалициясы" иш жүзүндө кандай чараларды көрөт деген суроо ачык бойдон калууда. Эң башкысы, алар эмнеден улам Россияга каршы согушка даяр боло калабыз деп ойлоп жатышканы белгисиз", — деди ал.
Эксперттин айтымында, Батыш азыр Россияга каршы согуш жүргүзүүгө даяр эмес жана келечекте да мындай чечкиндүүлүккө барары күмөн.
Финляндия ТИМинин мурдагы кеңешчиси Йоэль Линнайнмакинин пикиринде, ок атышуу токтобогон учурда мындан аркы аракеттер кандай болору белгисиз.
"Украиндер адегенде европалыктар, андан кийин америкалыктар өз убадаларын аткарат деп ишенип жатышат", — деген Линнайнмаки.
Шейшемби күнү британиялык Financial Times гезити АКШ жана Европа мамлекеттери Украинада тынчтык бузулган учурда аскердик жооп кайтарууга макулдашканын кабарлады. Макалада эгер ок атышуу узакка токтобосо, Батыш өлкөлөрү Украинага аскерлерин жөнөтөрү жазылган.
Россиянын ТИМи НАТО өлкөлөрүнүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу сценарийи москвалыктар үчүн түшүнүксүз жана кабыл алынгыс экенин билдирген. Британия жана Европанын башка өлкөлөрүндө мындай сунуштар айтылган, бирок Россия аларды согушту улантууга үндөө деп эсептейт.
НАТОнун аскерлери Украинага тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин кирет