БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согушка арналган фотокөргөзмө уюштурулуп, экспонаттар коюлган кабинет ачылды.
Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов иш-чаранын маанисине токтолуп, бул Сталинград салгылашынын 82 жылдыгына карата өтүп жатканын белгиледи.
"Жеңишке жетиш керек болчу. Советтер Союзунун бүткүл эли бир муштумдай түйүлүп, душманды талкалап, жалпы Ата Мекенин, өз элинин жана балдарынын келечегин коргоп, жеңишке жетишти", – деди ал.
Храмов душманды жеңүүгө фронттогу жоокерлер гана эмес, ооруктагылар: карапайым эл, жумушчулар, дарыгерлер да опол тоодой салым кошконун белгиледи.
"Бул жерде тылдын чечүүчү бөлүгү жайгашкан болчу. Мында жарадарларды эвакуациялашты, өндүрүштүк ишканаларды көчүрүп, учкучтарды жана башка адистерди окутушту. Биз муну эстейбиз жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Жеңиштин элеси сакталып жатканына өзгөчө ыраазыбыз. Бул эстелик — биздин элдин жана өлкөлөрдүн бирдей өнүгүп жаткандыгынын, алардын жалпы өткөн тарыхы бир экендигинин кепилдиги", — деди Храмов.
Сүрөт көргөзмө россиялык "Я помню", "Монумент победы" долбоорлорунун жана КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун демилгеси менен уюштурулду.