БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев молдо болуп кызмат кылган айылдашына жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоев 17 жылдан бери молдо болуп кызмат кылат. Ал өзүнүн жер тилкесине үй кура баштаган, бирок каржылык кыйынчылыктардан улам курулушту аягына чыгара алган эмес.
Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин бул маселе Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Үй толугу менен бүткөрүлгөн.
Бүгүн Ташиев дин кызматкерине үйдүн ачкычын тапшырды. Айыл аксакалдары көрсөтүлгөн жардам үчүн ага ыраазычылык билдирип, батасын беришти.