БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиянын SCAT-350M дронун Москвадагы НАИС-2026 авиациялык көргөзмөгө алып чыгышты.
"Ал күнү-түнү ыкчам видеомониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү, жай турмушта да тапшырмаларды аткара алат. Геодезиялык, айыл чарбасындагы жана жаратылышты коргоо жаатындагы иштерди жүргүзөт", — деп Ижевск авиазаводунун өкүлү Антон Шустов айтып берди.
Адис Улуттук авиациялык инфратүзүмдүк салондо турган бул техникага ЕАЭБ өлкөлөрү да кызыга баштагандыгын билдирди. Алар келип карап чыгышканын, заводдогулар техниканы тааныштыруу үчүн атайын учуруп, көрсөтүп берип жаткандыктарын, ал тургай сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.
Пилотсуз учуучу бул аппараттын техникалык-тактикалык мүмкүнчүлүгүн чалгын иштеринде колдонсо болот.
Мүнөздөмөсү:
учкан убактысы— 4 саатка чейин;
жүргөн радиусу— 100 чакырымга чейин;
ылдамдыгы — саатына 120 чакырымга чейин;
асмандан так иштей ала турган бийиктиги — 2 чакырымга чейин.