Көп тармакка колдонулчу тик учак. Россиялык заманбап техниканын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы NAIS 2026 көргөзмөсүнө Ми-34М1 үлгүсүндөгү бир нече тармакка колдонсо боло турган тик учакты коюшту.
Жаңы техника жеңилдиги менен айырмаланат жана эң соңку муундагы, россиялык ВК-650В кыймылдаткычы орнотулган.
Пилот менен жүргүнчүнү кошуп эсептегенде төрт киши сыят жана саатына 220 чакырымга уча алат.
Тик учакты жүк ташууда, байкоо жүргүзүү иштеринде жана жайкы окуу программаларында пайдаланса болот. Анын "буга чейин колдонулуп келген чет элдик үлгүдөгүлөрдүн" ордун басарын айтышты.
Россиянын SCAT-350 M дрону Москвадагы авиациялык көргөзмөгө коюлду