РФ компаниясы Кыргызстанга туманда учак кондура турган жабдык алып келүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиянын жарык берүүчү жабдыктарды чыгарган "Прожектор" акционердик коому Кыргызстанга аба ырайынын татаал шартында, анын ичинде туманда да учакты кондурууга мүмкүнчүлүк берген жабдык алып келүүгө даяр. Бул тууралуу Москвада өткөн NAIS 2026 көргөзмөсүндө ишкананын башкы конструктору Андрей Берг айтты.
Мында кеп үчүнчү категориядагы аэропорттор үчүн ылайыктуу жарык берүүчү жабдык тууралуу болууда. Ал көрүү деңгээли дээрлик нөлгө түшкөн учурда да белгиленген жерге так конууга жардам берет.
"Биз жарык берген жабдыктарыбызды жеткирүүгө даярбыз. Албетте, аэропортто радиотехникалык жабдыктар жана тиешелүү кызматтары болушу керек. Аэродром үчүнчү категория макамын сертификациялоо менен алектенген органдардан алышы кажет", — деген Берг.
Россия Кыргызстанга эки көчмө лаборатория тапшырды. Видео