ЖКда депутат айдоочуларды даярдоо мөөнөтү боюнча сунушун айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Автоунаа айдаганды үйрөнөм дегендерди 10 ай окутуу демилгеси элдин нааразылыгын күчөтүп жатканы Жогорку Кеңеште сөз болуп, мөөнөтү боюнча сунуш айтылды.
Депутат Кундузбек Сулайманов үч ай окуткандан кийин сынакка кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады. Өтсө, күбөлүгүн берип, эгерде кулап калса, андан ары окутуу туура болот деген пикирин билдирди. Ал эл өкүлдөрүнүн бул маселени көтөргөнүн популизм катары сыпаттоо туура эместигин айтты.
Эл өкүлүнүн сөзүн улай ЖКнын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактары ортосунда сый болушу керектигин, депутаттын айтканын сындоо эч кимге аброй алып келбей турганын кошумчалады.
"Парламент деле өнүгүүнү, элдин бакубат жашоосун каалайт. Бардыгы боло берет деген мамилеге муктаж эмеспиз", — деди төрага.
Эске салсак, коомчулукта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 ай окуу керектиги коомчулуктун талкуусуна жем таштаган.
Менчик автомектептер, окуучуларга кирчү жаңы сабак... Садыр Жапаровдун маеги