Минкаб башчысы кыргызстандыктар БАЭде ачкан заводго барды

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, КР жарандары БАЭде ачкан Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат.
1 / 4

КР жарандары БАЭде ачкан Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат

2 / 4

Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи

3 / 4

Ишкана суу куюу үчүн заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган

4 / 4

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет

Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи.

"БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши — биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү", — деди Касымалиев.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Ишкана суу куюу үчүн заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган.
Эскерте кетсек, Касымалиев БАЭге Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн 2-февралда барган.
Садыр Жапаров Чүйдөгү балыктын тоютун өндүргөн заводго барды. Сүрөт