БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жетекчилери Улуу Ата Мекендик согуштун кээрин унутта калтырбай, тарыхка аяр мамиле кылышат. Бул тууралуу Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмөсүндө билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан Улуу Жеңиштин мааракесине арналган бардык иш-чараларга катышат деген билдирүүсүн эске салды.
"Биз бардык жерден жөн гана түшүнүүнү эмес, жапырт демилгелерди көрдүк. Көптөр өз эстеликтерин калыбына келтирүүнү же жаңылоону каалашты. Бул — Кыргызстандагы жандуу жана жылуу эскерүү. Жеңишти эскерип, өлкөбүздү коргоп, аны кайра курган ата-бабаларыбызга болгон урмат гана эмес, достукта, биримдикте жана ынтымакта жеңишке жеткен жоокер элдин генетикалык коду", — деди Зульхарнеев.
Сүрөт көргөзмө россиялык "Я помню", "Монумент победы" долбоорлорунун жана КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун демилгеси менен уюштурулду.