БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Арабиан Кыргыз Аль Хнейз" ЖЧКсынын Х.Р. аттуу директору 2022-жылы Көк-Жар конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан батир берем деп 18 миң долларын алганын кабарлаган. Бирок шектүү бүгүнкү күнгө чейин батирин бербей, из жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") ылайык, кылмыш иши козголгон.
"Аталган кылмышка шектүү катары 60 жаштагы Х.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда", – деп айтылат маалыматта.