БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети жана КРСУнун жалпы билим берүү орто мектеби болочок окуучуларды, абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин 7-февралда өтө турган ачык эшиктер күнүнө чакырат.
"Жолугушууда кеңири маалымат берилип, жандуу баарлашуу болот. Университеттин башкы корпусунда конокторду факультеттердин жана даярдоо багыттарынын презентациялары, кабыл алуу комиссиясынын консультациялары, студенттер жана мугалимдер менен талкуу күтөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Абитуриенттерге КРСУга кабыл алуу эрежелери, бюджеттик жана келишимдик орундар, стипендиялар, практика жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет. Программанын негизги бөлүгүндө ректор, университеттин өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр менен диалог жүрөт. Алар даярдыктын сапаты, суроо-талап күч болгон кесиптер, стажировкалар жана окууну аяктагандан кийинки карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорду узата алышат.
КРСУнун орто мектебинде болочок окуучулар үчүн диагностикалык тестирлөө, ал эми ата-энелер үчүн балдардын даярдык деңгээлин баалоого жана окуу жайдын талаптары менен таанышууга жардам бере турган жеке консультациялар өткөрүлөт.
Мектепте ачык эшиктер күнү саат 9:30да, университетте саат 10:00дө башталат.