"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Н. ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турган. Ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым кызматкерлерге колдоо көрсөтүп келген.
"Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда", – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Жапаров: менчик автомектептерде "под ключ" деген түшүнүк болгон