Касымалиев: Кыргызстан ИДПнын өсүш ылдамдыгы боюнча 3 өлкөнүн катарына кирди

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстан ИДПнын темпинин реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч мамлекеттин катарына кирди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда өткөн Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинде айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы саммиттин алкагында биринчи жолу "Кыргызстандын экономикалык өсүү модели "Ак илбирс": өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар" аттуу иш-чара өткөрүлгөнүн кабарлады.
Анын катышуучуларына Кыргызстанда эмираттык "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашыруудагы тажрыйбасы тууралуу кыскача видеоролик көрсөтүлгөн.
"Бүгүн сиздерге өлкөбүздүн жетишкен ийгиликтери, "Ак илбирс" деп аталган өзгөчө экономикалык өсүү модели тууралуу баяндап берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул модель үч негизги багытка таянат: өкмөттүк акселераторлор, күчтүү институттар жана инвестициялар. Бул программа аркылуу өкмөт актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 100 күндүк так реформаларды ишке ашыра баштады", — деп Касымалиев айтып берген.
Аталган программанын алкагында 17 реформа жүзөгө ашкан. Алар: курулуш, мектепке чейинки билим берүү, саламаттыкты сактоо, жер мыйзамдары, эл аралык жүк ташуулар, транспорт, логистика жана башка көптөгөн тармактардагы жол-жоболорду олуттуу жөнөкөйлөткөн. Ашыкча бюрократиялык процедуралар жоюлуп, чечимдерди кароо жана кабыл алуу мөөнөттөрү кыйла кыскарган дешти.
Акыркы төрт жылда Кыргызстандын орточо жылдык экономикалык темпинин өсүшү 9-10 пайызды түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстан ИДПнын темпинин реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген. Мамлекеттик бюджет үч эсе көбөйүп, өлкөнүн ички дүң продукциясы 2,5 эседен ашык өскөн.
Өлкөнүн экономикасы өр алып баратат. Касымалиев ЖКда отчет берди