БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өздөрүн телефондон УКМК, ИИМ кызматкерибиз деп тааныштырып, элди алдап ири суммадагы акча каражатын алып алган деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына арыз түшкөн. Шектүүлөр жабырлануучунун атынан террордук уюмга акча которулганын айтып, иш козголот деп коркуткан. Натыйжада жаран батирин сатып, алдамчылардын банктык эсебине 10 миллион 600 миң сомун которууга мажбур болгон.
"Аталган кылмышка шектелип 21 жаштагы эки жана 25 жаштагы бир киши кармалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.