БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өлкөдө алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу "Жашыл станциялар" ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда шамалдан энергия өндүргөн бир мунара иштеп жатат. Ал 7 мегаваттык кубаттуулук берүүдө жана жакын арада мындай мунарадан 24 даана орнотулат.
Балыкчыда курулган шамал электр станциясы 100 мегаваттык кубаттуулукка эсептелген. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 250 миллион киловатт-саатка жетет. Ал жергиликтүү компания тарабынан курулду. Станция Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыздайт жана CASA-1000 долбоору аркылуу тышка да экспорттой алат.