Өлкөдө баага мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрүн киргизүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрүн киргизүү пландалууда, тагыраагы, ишкердин киреше алам деп кошкон наркы продукциянын өздүк баасынын 25 пайызын гана түзүшү керек.
Министрлер кабинети жогорудагыдай мыйзамдын долбоорун демилгелеп, ага рентабелдүүлүк деген түшүнүк киргизүүнү сунуштап жатат.
Мындай кадам бизнеске товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берет дешти.
Жаңы тартипти социалдык жактан маанилүү болгон товарлар менен кызматтарга карата киргизүүнү пландап жатышат.
Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк: эгер ишкер продукцияны жасоого 100 сом кетирсе, сата келгенде ага эң көп дегенде үстүнө 25 сом кошо алат. Ошондо товарын 125 сомдон кымбат сата албайт. Тагыраагы, бул 25 пайыз.
Үйдү кайсы учурда сатканда киреше салыгы алынат. Салык кызматынын жообу