5-февралга карата аба ырайы

5-февралда өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас облусунда 9…14, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 11…16, Ысык-Көл жергесинде 2…7 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 14…16, Ош шаарында 13…15 градуска чейин жылыйт.
Кыргызстанда алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады