АКШнын президенти Франклин Рузвельт СССР менен АКШнын ортосунда делген Шотландияда жолугалы деген. Бирок Советтер Союзунун лидери Иосиф Сталин Кызыл армиянын чабуулун көзөмөлдөө жүйөсү менен андан баш тарткан.
Жолугушуу алдында Крымга НКВДнын төрт полку, 160тан ашуун аскердик учак, Кара деңиз флотунун аскердик кемелери тартылган.
Делегациялар келгенден кийин катуу ооруп жаткан Рузвельтти Сталин конференция өтчү Ливадия сарайына, Улуу Британиянын жетекчиси Уинстон Черчиллди 15 чакырым алыстыктагы Воронцов сарайына жайгаштырган.
Тарыхчылардын документтерине ылайык, дал ушул Ялтада Сталин нацисттерди соттой турган аскердик трибунал түзүү демилгесин көтөргөн. Андыктан, кылым соту — Нюрнберг трибуналы ушул жерден башталган десек болот.