Кыргыз филармониясы быйыл 90 жылдык мааракесин белгилейт. 1500 дөн ашуун эмгек жамааты бар, искусствонун дээрлик бардык түрлөрү менен алектенип, кыргыз маданиятында опол тоодой тарых жаратып келаткан кыргыз Улутттук филармонясы 19836-жылы түптөлүп, алгачкы артистери Карамолдо Орозовдон тартып Мыскал Өмүркановага чейинки залкарлар болгон. Бирде элди эмгеке үндөп малчыларды аралап ырдашса, бирде кан кечкен согуш талаасында өнөр тартуулашкан. Дүйнөлүк классикаларды үч кыл комузга түшүрүп, дүйнө элин таңгалдырып эле тим болбостон эң жогорку сыйлыктарга татып кыргыздын намысына жарашкан.
Мына ушундай ары түйшүктүү, ары кызыктуу тагдыры бар Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясы тууралуу анда 60 жылга чукул эмгектенип келе жаткан КРдин эл артисти Келдибек Ниязов менен маек курдук.