Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар: жашылча-жемиштер; картошка; сүт жана сүт азыктары; эт жана эт азыктары; кант; жумуртка. Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда. 2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өзүбүздү камсыздоо көрсөткүчү жогорулады:
Азыркы "Ош" базарынын ордуна сейил бак, "Кыял" базарынын ордуна оорукана салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.Ал бүгүн соодагерлер менен жолугуп, суроолоруна жооп берген.Туманбаевдин айтымында, жаңы "Ош" базарына соодагерлер 1-августка чейин көчөт. Рынок толугу менен даяр болгондо гана ишке берилет. Учурдагы базардын жери менчик болгондуктан, мамлекет ээсине кенемте төлөп берет. "Жаңы базарда шарттар азыркыдан да жакшы болот жана иш үзгүлтүккө учурабайт. Орундар баарына бирдей бөлүнөт", — деди ал. Жаңы базардан орун алгач эскисинде орду барларга, андан кийин гана сырттан келгендерге берилери кошумчаланды.
Өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрүн киргизүү пландалууда, тагыраагы, ишкердин киреше алам деп кошкон наркы продукциянын өздүк баасынын 25 пайызын гана түзүшү керек. Министрлер кабинети жогорудагыдай мыйзамдын долбоорун демилгелеп, ага рентабелдүүлүк деген түшүнүк киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай кадам бизнеске товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берет дешти. Жаңы тартипти социалдык жактан маанилүү болгон товарлар менен кызматтарга карата киргизүүнү пландап жатышат. Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк: эгер ишкер продукцияны жасоого 100 сом кетирсе, сата келгенде ага эң көп дегенде үстүнө 25 сом кошо алат. Ошондо товарын 125 сомдон кымбат сата албайт. Тагыраагы, бул 25 пайыз.
Кыргызстандын жетекчилери Улуу Ата Мекендик согуштун кээрин унутта калтырбай, тарыхка аяр мамиле кылышат. Бул тууралуу Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмөсүндө билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан Улуу Жеңиштин мааракесине арналган бардык иш-чараларга катышат деген билдирүүсүн эске салды. Сүрөт көргөзмө россиялык "Я помню", "Монумент победы" долбоорлорунун жана КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун демилгеси менен уюштурулду.
Украинадагы болочок тынчтык келишими бузулуп кала турган болсо АКШ менен Европа даярдаган жаңы план Киевге жардам бербейт. Бул тууралуу финляндиялык эксперттер билдиргенин РИА Новости жазды. "Сурамжылоого катышкан эксперттердин көпчүлүгү АКШ менен Батыштын планы так эмес экенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта. Швециянын Коргонуу университетинин доценти Илмари Кяйхонун пикиринде, "каалоочулар коалициясы" деп аталган топтун аракеттери иш жүзүндө Россияга зыян келтире албайт.Эксперттин айтымында, Батыш азыр Россияга каршы согуш жүргүзүүгө даяр эмес жана келечекте да мындай чечкиндүүлүккө барары күмөн. Финляндия ТИМинин мурдагы кеңешчисинин пикиринде, ок атышуу токтобогон учурда мындан аркы аракеттер кандай болору белгисиз.