Бүгүнкү маегибиз Кыргызстандагы чет элдик жарандардын жүрүүсү, иштөөсү жана мамлекеттик көзөмөл тууралуу болмокчу. Акыркы жылдары өлкөгө келген чет элдик жарандардын саны өсүп, миграциялык саясатка болгон талаптар да күчөдү. Бул жагдай коомдук коопсуздукка, эмгек рыногуна жана эл аралык кызматташтыкка түздөн-түз таасир этет.
Маекке чакырылган адистер чет элдик жарандардын өлкөгө кириши, каттоо тартиби, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу чаралары, ошондой эле эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Студиябыздын коноктору — ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын майору Данияр Саттаров жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов биздин бир катар суроолорубузга жооп беришти.
Ал эми Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров чет элдик жарандарга байланыштуу визалык жана консулдук маселелер боюнча комментарий берди.