Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Өлкөдө алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу "Жашыл станциялар" ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева социалдык баракчасына жазды.Анын айтымында, учурда шамалдан энергия өндүргөн бир мунара иштеп жатат. Ал 7 мегаваттык кубаттуулук берүүдө жана жакын арада мындай мунарадан 24 даана орнотулат. Балыкчыда курулган шамал электр станциясы 100 мегаваттык кубаттуулукка эсептелген. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 250 миллион киловатт-саатка жетет. Ал жергиликтүү компания тарабынан курулду. Станция Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыздайт жана CASA-1000 долбоору аркылуу тышка да экспорттой алат.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согушка арналган фотокөргөзмө уюштурулуп, экспонаттар коюлган кабинет ачылды.Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов иш-чаранын маанисине токтолуп, бул Сталинград салгылашынын 82 жылдыгына карата өтүп жатканын белгиледи. "Жеңишке жетиш керек болчу. Советтер Союзунун бүткүл эли бир муштумдай түйүлүп, душманды талкалап, жалпы Ата Мекенин, өз элинин жана балдарынын келечегин коргоп, жеңишке жетишти", – деди ал. Храмов душманды жеңүүгө фронттогу жоокерлер гана эмес, ооруктагылар: карапайым эл, жумушчулар, дарыгерлер да опол тоодой салым кошконун белгиледи. Сүрөт көргөзмө россиялык "Я помню", "Монумент победы" долбоорлорунун жана КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун демилгеси менен уюштурулду.
Нарын шаарында коомдук транспорттогу жол кирени чоңдор үчүн эки эсе көтөрүү каралууда Калаада учурда автобус менен жүрүү 10 сом. Муниципалитет бул акча менен майга жана айдоочунун маянасына кеткен чыгымды жабуу мүмкүн болбой жатканын белгилеп, 20 сомго көтөрүүнү демилгелөөдө. Февралда коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизип, автобустарды онлайн көрүп туруу үчүн GPS орнотулгандан кийин жол кирени көтөрүү пландалууда. Учурда калаада 11 унаа каттамга чыгууда, жол кире көтөрүлсө дагы бешөө кошулары кошумчаланды.
Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу өлкөнүн түндүк-батыш аймагына кол салуу болуп, анын кесепетинен каза болду. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Сейф аль-Ислам каза тапты. Зинтан шаарындагы үйүндө өлтүрүлдү", — деп агенттикке маалымат берген адам айткан. Анын көз жумганын жакын тууганы тастыктаган. Ливиялык Abaad News порталынын билдиргенине караганда, муну Каддафинин кеңешчиси да бекемдеген. Дагы бир маалыматта бул окуя Триполидеги куралдуу кагылышуулар учурунда болгондугу да айтылган. Ливиянын борборунда абал тынч эмес, ок атышуу, жардыруулар менен коштолгон кагылышуулар кайталанып турат. Бул аэропорттордун ишине жана шаардын күнүмдүк жашоосуна кедергисин бир топ тийгизип келет. Кагылышуулар аскерлешкен топтордун ортосунда болуп турат, ал тереңдеп кеткен саясий кризистин жана узакка созулган жарандык согуштун кесепети. Ливияда көптөн бери саясий кризис бар жана жарандык согуш узакка созулуп кеткен.