Зомбулукка каршы күрөш: 5200 ишеним телефону жана жабырлануучуларды коргоонун жаңы механизмдери

Sputnik
Учурда зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган жарандар үчүн 5200 кыска номери ишке кирди. Акыркы үч ай ичинде 600 жабырлануучу кайрылып, психологиялык жана юридикалык жардам алышкан. Алардын көпчүлүгү аялдар. Акыркы кезде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук токтобой, улам адамдын үшүн алган окуяларга катталып жатканы маалым. Зомбулукка кабылган жарандардын көбү аялдар жана балдар. Акыркы кезде физикалык, сексуалдык, психологиялык зомбулуктан тышкары, бул тизмеге аңдуу да кошулду. Социалдык министрлик учурда жабырлануучуга берилүүчү коргоо ордеринин мөөнөтү 3 күн эмес, бир айга узарткан. Муну менен катар кризистик борборлордун иштөө механизмдери да каралып, жергиликтүү бийликтер да ишке тартылып жатат. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Эгемназарова жана 52 кыска номеринин кызматкери Алмаш Бейшенбекова жогорудагы маселелерге токтолуп, маалымат беришти.