9-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 30 шайлоо округдун ичинен 29унда добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузуулар катталгандыктан жокко чыгарылган. Эрежеге ылайык, кайра шайлоо бир айдын ичинде дайындалат, ага мурдагы 14 талапкердин бири да катыша албайт. №13 көп мандаттуу шайлоо окруry боюнча кайра шайлоого даярдык кандай жүрүп жаткандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева айтып берди.