"Бул интервенция". РФ Украинага Батыш аскерлеринин жайгашуу ыктымалдыгы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украинага Батыштын аскери жайгашса, ал интервенциялык кадам болуп каларын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украинага Батыштын аскердик бөлүктөрүн, объектилерин, кампаларын жана башка инфраструктураларын жайгаштыруу бизге туура келбейт жана жакпайт. Бул Россияга кооптулук жаратчу, чебердик менен жасалган чет элдик интервенция катары кабылданат", — деген Лавров.
Кандай гана сунуш болбосун жакшылап талдап, Россия атайын операциянын максатына туура келер-келбесин карай турганы белгиленди. Ал эми согушту РФ менен АКШ президенттеринин Аляскада жолугушуусунда айтылгандарды аткаруу менен соңуна чыгарса болорун кошумчалашкан.
Тышкы иштер министрлиги 12-январда Владимир Зеленский америкалыктарга кезектеги сунуштарын жөнөткөнүн эске салды.
"Украина сүйлөшүүлөрдүн оңунан чыкпай калышына кызыкдар болуп, процессти үзгүлтүккө учуратам деген үмүтүн үзбөй келет. Муну сезип турабыз. Андыктан Киевдин жана анын демөөрчүлөрүнүн куулук-шумдугунун, жорук-жосундарынын бетин ачууну улантып келебиз", — деп айтылат маалыматта.
РФ ТИМи Украинага НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу кырдаалды кескин курчутуп жиберерин айтып келет. Россия лидери Владимир Путиндин РФ чек арасына жакын жайгашкан чет элдик аскерлер алардын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен жайы бар.
24-январда БАЭде Россия, Украина жана АКШнын делегациялары катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады. Алар Американын тынчтык планындагы чечиле элек маселелерди талкуулаган. Кезектеги жолугушуу 1-февралга пландалып, бирок кайра 4-5-февралга жылдырылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рубио: АКШ Украина боюнча макулдашууну кепилдик бергиче түзүү ниетинде