БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Украинада тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин чет элдик аскерлер дароо пайда болот. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте билдиргенин РИА Новости жазды.
“Тынчтык келишими түзүлөрү менен НАТОдон макул болгондордун куралдуу күчтөрү, учактары жана деңиздеги күчтөрү кирет”, — деген Рютте Жогорку Радада сүйлөп жатып.
Ал ошондой эле Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн “оор чечимдерге” баруу зарылдыгын белгилеген.
Рютте Украина PURL программасы аркылуу өткөн жылдын жайынан бери абадан коргонуу системалары үчүн миллиондогон еврого бааланган ракеталардын 90 пайызын жана бардык ракеталык куралдардын 75 пайызын алганын эске салды.
Бирок НАТОнун башкы катчысынын сөзү Жогорку Радада отургандарды көп кызыктарган жок. Түз эфирден залдын жарымы бош турганын көрүүгө болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу таптакыр кабыл алынгыс жана эскалацияга алып барчу кадам экенин бир нече жолу эскерткен.