Өлкөдө "Туңгуч" онлайн-мектеби иштей баштады

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Быйылтан тарта "Туңгуч" деп аталган онлайн-мектеп иштеп жатат. Бул туурасында Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Адис балдар педагогдордун жетектөөсү менен тапшырмаларды аралыктан аткара турганын билдирди. Аталган билим жайы Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын алдында иштейт. Сабактар жалпы билим берген башка мектептердин жүгүртмөсүндөгүдөй эле өтүлүп жаткандыгы кошумчаланды.
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөбү? Билим берүү академиясынын брифинги