БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп БУУну Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча процесстерге баш-оту менен киришпей, жакшы аралашпай жатат деп сындады. Мындай пикирин Украинадагы жагдайга жана экс-президент Жозеф Байден менен анын администрациясынын аталган өлкөгө акча бөлүү боюнча жасаган иштеринн пикир айтып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өзүңөр билгендей эле азыраак аралашып жатат", — деген Ак үйдүн кожоюну.
Бул күндөрү Бирикен Улуттар Уюму финансы жаатында кыйын күндү башынан кечирип жатат, буга бир катар мамлекеттердин мүчөлүк акысын төлөбөй жатышы себеп болууда. Анын ичинде АКШнын төлөмүнүн көлөмү ири жана карызы да бир топ, тагыраагы, алардын бересеси үч миллиард доллардан ашып кеткен.
Мындай жагдайдан улам БУУ кызматкерлеринин санын кыскартып, гуманитардык жардамдарды азайтууда. Агенттик уюмдун штаб-квартирасында да кыйынчылык болуп жатканын, ашканаларында баа кескин көтөрүлүп, бир катарлары такыр эле жабылып калганын жазды.