Министрлик: Россияга Wildberries аркылуу товар жөнөтүүдөгү көйгөй чечилди

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлердин товарларын Россиянын аймагына электрондук соода аянтчалары аркылуу ташып өтүү маселеси жөнгө салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москвада ЕЭКтин жыйынында макулдашылган жаңы моделге ылайык, товар жөнөтүүдө эки негизги документти гана толтуруу керек. Бул — жүк тууралуу маалыматты камтыган CMR деп аталган документ жана товардык-транспорттук коштомо кагаз.
Экономика министрлиги жакында Wildberries өкүлдөрү менен семинар өткөрүп, ишкерлерге документти туура толтурууну үйрөтөт. Өткөрүлүүчү жер жана күнү тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Буга чейин Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган. Маселе менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлгөн.
Зергерлер менен тигүүчүлөргө жеңилдик берилет. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду