УКМК телефон алдамчылыгына шектелген 9 кишини кармады. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Телефон аркылуу өздөрүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, элдин акчасын алып жүргөн деген шек менен тогуз кишини кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр уюлдук байланыш операторлорунун номерлери аркылуу WhatsApp, Telegram, Lalafo аянтчаларындагы аккаунттарды активдештирип, жарандарды банктык карталарын сатууга көндүрүшкөн.
"Бул аккаунттар жана банктык карталар Telegram аркылуу эл аралык деңгээлдеги алдамчыларга сатылган. Алар жарандарга телефон чалып, террордук уюмдарга катышы бар деп айыпташкан. Ошондой эле ал уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМК билдиргендей, кылмышка шектелип колго түшүрүлгөндөр — 16дан 29 жашка чейинки адамдар. Үчөө жашы жете электигине байланыштуу ата-энесинин милдеттенмеси менен кое берилген. Калганы камакка алынган. Кармалгандардын экөө мурда каракчылык, тоноо боюнча, 22 жаштагысы адам өлтүрүү боюнча соттолгон.
Бишкекте банк кызматкеринин атын жамынган шылуун кармалды