БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Сокулукта төрт жаштагы үч кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетип каза болгонун ӨКМ билдирди.
Окуя Жаңы-Пахта айылында болгон.
Балдардын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкени белгиленди.
Жашоочулар балдар көлмөнүн үстүндөгү музда ойноп жүрүшкөнүн айтышууда.