Инфантино эмнеден жазды. Украин министринин дипломатияга туура келбеген лексикону

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону санкциялар россиялык командаларга терс таасирин тийгизе албастыгы туурасында айткан сөзү үчүн сынга алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кем акылдар Россия согушту бүтүрө албаганына карабай салынган тыюу, чектөөлөрдү жоюуну сунуштап жатышат", — деген Сибига.
Дипломаттыкка жатпаган, сөз тийгизген мындай тилдөө Инфантинонун Россия командаларына коюлган чектөөнү алып салуу боюнча дүйшөмбү күндөгү билдирүүсүнө жооп катары айтылган.
Эске салсак, 2022-жылдын февралында FIFA жана UEFA Украинадагы окуяларга байланыштуу Россиянын улуттук курамалары менен клубдарын эл аралык мелдештерден белгисиз мөөнөткө четтеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө ичи чыкпаганын айтты