БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россия Америкага эки тараптуу жылуу мамиле түзүүгө тоскоол болгон учурларды четке кагуу, алаканы толук жакшыртуу боюнча сунуштарын жөнөтүп, бул АКШнын кызыкчылыгын арттырат деген үмүттө экенин билдирди.
РИА Новости министрликке таянып, диалог учурунда түз аба каттамдарын жандантуудан баштап, Россиянын конфискация болгон дипломатиялык менчиктерин кайтарууга чейинки маселелер талкуулана тургандыгын жазган.
"Америкалыктарга Москва менен Вашингтондун алакасын жакшыртуу максатында ортодогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштар жиберилди. Мамлекеттик департамент бул маанилүү темаларга көңүл коюп, Жозеф Байдендин бийлиги учурундагыдай тиешеси жок саясий оюндарга аралаштырып, мурдагы жолоюна түшпөйт деп үмүттөнөбүз", — деп айтылат ТИМ башчысынын ЖМКларга берген жообунда.
Бул нерсе жөнгө салынып кетсе америкалыктарга пайдалуу боло турган келечектүү жол ачылмакчы. Алар Дональд Трамптын администрациясы приоритет катары койгон углеводороддор, өтө маанилүү минералдар жана сейрек кездешкен элементтер, Арктика боюнча иштешүү, жасалма интеллект, космос жана дагы бир канча жааттагы кызматташуулар экенин айтышты.