Өлкөдө райондук жана облустук ооруканалар бир типте курулары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда райондук жана облустук ооруканаларды бир типте куруу пландары коюлууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Region телеканалына билдирди.
Ал медицина тармагындагы кырдаал оорураак экенин, имараттар менен инфраструктура эскирип бүткөндүгүн айткан.
"Капиталдык оңдоп-түзөөлөргө акча коротпой жаңы салалы деп жатабыз. Райондогу, облустагы ооруканалар бир типтүү, бир стандартта болушу керек. Министрликтин башкы аппараты бул көйгөйдөн алыс калган, андыктан башкы дарыгерлер өздөрү долбоор жазып, өздөрү акча издешкен. Алардын (имарат — ред.) арасында бир типтегилери жок. Биз заманга бап келтирип салышыбыз керек. Мисалы, биринчи кабатта бейтапкана, экинчисинде станционар, андан соң администрация жайгашуусу зарыл", — деген Досмамбетов.
Табакташ болбойт. Министр "Кыргыз фармациянын" жаңы жетекчиси тууралуу айтты. Видео