Жапаров: менчик автомектептерде "под ключ" деген түшүнүк болгон

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 2015-жылдан бери айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыргандардын 95 пайызы өтүп, акча бере албай же бергиси келбей жүргөн 5-10 пайызы өтпөй калып жүргөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты.
Өлкө башчысы бүгүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барып, эл менен жолуккан.

"Өлкө боюнча 275 жеке автомектеп бар. Айрымдарынын "под ключ" деген варианты бар экен. Бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берүү менен алар 65-70 миң сомдон баштап 1000 долларга чейин алып турушкан. Ушуга чейин күбөлүк сатылып келген фактыларды мисал менен айта кетейин, 2015-жылдан бери айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыргандардын 95 пайызы өтүп келген. Акча бере албай же бергиси келбей жүргөн 5-10 пайызы гана өтпөй калып жүргөн", – деди президент.

Жапаров 2021-жылдан бери системаны колго алып, беш-алты жетекчини алмаштырганын, анын арасында камалып кеткендери да болгонун белгиледи. Мамлекет жетекчисинин айтымында, коррупция менен күрөшө баштагандан тартып бул көрсөткүч дароо түшкөн. Сынактан өткөндөр 28, али эми өтпөгөндөр 72 пайызды түзө баштаган.
Эскерте кетсек, президент 30-январдан баштап 30-августка чейин жеке автомектептердин лицензиясын токтоткон.
Айдоочулукка окуунун мөөнөтү. Бекешев танк айдоону да тезирээк үйрөнүүгө болорун айтты