БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанда алты түзөтүү абагын жоюу боюнча токтом кабыл алды. Аталган документ "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, төмөнкү түзөтүү абактары жоюлду:
№26 түзөтүү мекемеси. Дареги: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Молдовановка айылы;
№42 түзөтүү мекемеси. Дареги: Ош шаары;
№43 түзөтүү мекемеси. Дареги: Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары;
№44 түзөтүү мекемеси. Дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары;
№45 түзөтүү мекемеси. Дареги: Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы;
№52 түзөтүү мекемеси. Дареги: Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары.