Маск АКШда жаңы жарандык согуш башталды деген пикирде

Миллиардердин баамында АКШ ушу тапта жарандык согушту башынан кечирүүдө. Ал мындай пикирин иммиграциялык полициянын (ICE) аракетинен кийин Миннеаполисте массалык башаламандык күчөп, Ак үй менен либералдык күчтөрдүн тирешүүсү тууралуу билдирүүдөн кийин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Кошмо Штаттарда жаңы жарандык согуш жүрүп жатат деп эсептей турганын РИА Новости жазды.
Мындай оюн ал X соцтармагына Ак үй менен либералдык күчтөрдүн тирешүүсүн "Жарандык согуш 2.0" деп атаган билдирүүдөн кийин айтты. Буга иммиграциялык полициянын аракеттери да себеп экени белгиленген.
"Ошондой болуп жатат окшойт", — деп жазган Маск.
Өткөн жумада АКШнын Миннеаполис жана башка бир катар шаарларында өлкөнүн иммиграциялык полициясынын ишине каршы ири митингдер өткөн. Ага катышкан миңдеген киши федералдык рейд тажрыйбасына нааразычылык билдирип, миграциялык агенттердин укугун чектөөнү талап кылышкан.
Акцияга аталган полиция өкүлдөрүнүн ок атуучу курал пайдаланганы себеп болгон. 24-январь күнү Миннеаполисте полиция өкүлдөрү эркек кишини атып салышкан, кийин бийлик кызматкерлер буга өз өмүрүнөн кооптонуп барганын билдирген болчу. Бул бир айдын ичинде болгон экинчи окуя, январдын башында ICE агенти автоунаадагы аялды атып салган. Расмий маалымат боюнча, аял полиция кызматкерлерин тебелеп кетүүгө аракет кылган.
Трамп Гренландияны, Канаданы жана Венесуэланы АКШга кошуу тууралуу оюн айтты