Курулуш министрлиги 500 миң сомдук айлык эмнеден кураларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу буга чейин айтылган 500 миң сомго чейинки маяна боюнча кепке түшүндүрмө берди.
Орун басар архитекторлук өтө сейрек кесип экенин, алар 6-7 жыл билим аларын белгиледи. Анан да министрликтин 45 кызматкери мамлекеттен маяна аларын, калганын мекеме тапкан акчанын эсебинен каржылай турганын айтты.
500 миң сомго чукул маяна алган адистер көптөр кыла албаган тажрыйбаларды, ыкмаларды билишет. Мисалы, 5000 гектарга чукул жерди топографиялык тартуу иштерин (топосъемка), муну ар ким эле жасай бере албайт.
"Мындай маянаны архитекторлор, конструкторлор, технологдор алат. Кыргызстанда сегиз гана технолог бар. Ошолордун көзүн карап отурабыз", — деди Иманакун уулу.
Орун басар өзү 64 миң сом гана маяна аларын кошумчалады.
Эске салсак, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган ведомствонун кызматкерлери 500 миң сомго чейин маяна аларын айтып, ал коомчулукта көп сөздүн башы болгон.
Кыргызстанда министрлер канча акча табат? Декларациядагы маалымат